Айдин Нурдинов: "Bala Turkvizyon-2015" сынагында "Алтын үн" наамын алганым мен үчүн күтүүсүз болду"



Стамбул шаарында 15-декабрда балдар арасында "Bala Turkvizyon-2015" Эл аралык ыр сынагынын финалы өткөн. Анда мамлекетибиздин атынан барган Айдин Нурдинов 4-орунду ээледи. Ага "Turkvizyon" Эл аралык сынагында "Алтын үн" наамы ыйгарылды.
Бүгүн, 23-декабрдагы маалымат жыйынында "келечекте белгилүү ырчы болгум келет" деген Айдин Нурдинов сынак тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: "Буга чейин жазында Түркияда өткөн фестивалга катышкан элем. "Bala Turkvizyon-2015" сынагына катышкан балдар менен достоштум, баары мээримдүү экен. Сынак бүткөндөн кийин мага "чоңдор арасындагы сынакта ырдайсың" дешти. Ал жактан "Алтын үн" наамын беришкени күтүүсүз болду".
Сынакта Албания, Румыния, Украина, Беларусь, Иран, Грузия жана башка мамлекеттерден катышуучулар таланттарын көрсөтүштү.
Айдин Нурдинов: "4-орунду алганыма кубанган жокмун"


Корунуп турат сахдан коркпогуну озуну эркин алып,коптон бери сахнада жургондой ырдаптыр "сахнадан коркпойм,адамдар канча коп болсо ошончо энергия алып турам"-ушунусу жакшы экен.Ошончо мамлекеттин арасынан 4 орунду алганына да суйунуп коё бер,сен жашсын келечегин алдында биринчи орунду али коп аласын кудайым насип кылса.Дуйнону багындырасын буйруса ийгилик!!!!