super.kg logo
  Саясат  

Махабат Мавлянова: “Онкологиялык борборду зарыл делген жабдуулар менен камсыздоо маселесин республикалык бюджетке киргизүү керек”

 

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү катышууда.

Депутат Махабат Мавлянова Бишкектеги Онкологиялык борбордогу абалга токтолуп, бейтаптар үчүн зарыл делген нурдантуу жолу менен ичинен дарылоочу аппарат, операциялык көчмө рентген аппараты, радиоизотоптук изилдөө аппараты сыяктуу аппараттарды республикалык бюджетке киргизүү менен сатып берүү зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптар көптөгөн каражаттарды коротуп Казакстан жана башка өлкөлөргө барып дарыланууга аргасыз болуп, кыйынчылыктарга туш келип жатышат.

Саламаттыктыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жообуна ылайык, бул маселе 2016-жылдын бюджети аркылуу чечилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: