super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба ишкерлерин колдоого багытталган мыйзам долбоору сунушталып жатат

 

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, мыйзам долбоору ЕАЭБге кирген шартта өлкөнүн салык системинин атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Салык кодексине киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр:

- КНС боюнча каттоо чегин 6 миллион сомго чейин жогорулатуу (КНС боюнча каттоо чеги азыркы учурда 4 миллион сомду түзөт);

- ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштеткен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (буга акциздик топторду өндүрүү үчүн колдонуучу товарлар кирбейт) берүүнү КНСтен бошотууну караган ченемдерди күчүн жоготту деп табуу;

- сатуудан алынуучу салыктан бошотуу:

12 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча КНС салынуучу беримдерден, буга уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү кирбейт (2017-жылдын 1-январынан тартып);

товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан;

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан;

КНСти бир салык төлөөчү башка КНСти төлөөчүгө же өткөрүп берүү учуруна карата ушундай болуп калган субъектиге ишкананы же анын өзүнчө бөлүмүн сатуудан;

Талкуудан соң депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу, 1-окууда кабыл алууга жөнөтүү чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: