super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 70 пайызын бюджетке төгүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде кайтарылды

 

Жогорку Кеңеште мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү тартибин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, карама-каршы пикирлер айтылгандыктан, тармактык комитетке 2-окуунун режиминде кайтарылды.

Иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, ал эми 70 пайызы ошол имараттарды күтүү багытына жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты 50х50 катышында бөлүү сунушун киргизген. Алардын пикиринде, ижарадан түшкөн каражат көлөмү барган сайын өсүп жаткандыктан, ал имаратты күтүүгө багытталган каражаттын өлчөмү кыскарбайт.

Ал эми тармактык комитеттеги талкуу учурунда кирешенин 70 пайызын бюджетке, 30 пайызын мекеменин өзүнө бөлүү сунушу берилгендиктен, ал колдоого ээ болгон. Бюджетке кошумча каражат түшө тургандыктан, ал сунушту өкмөт өкүлдөрү да колдошкон. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин пикиринде, имараттын ээси мамлекет болгондуктан, бюджеттин да кызыкчылыгын ойлоо зарыл.

Депутат Садык Шер-Нияз баштаган бир катар депутаттар эгер ижара акысынан түшкөн каражат ушундай тартипте бөлүнө турган болсо, маданий мекемелерге чоң зыян келе турганын айтып, каршы чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: