super.kg logo

Алтынбек Максүтов: "Көчмөндөр оюндарында Ысык-Көлдүн кооздугун, кыргыз элинин салтын, маданиятын даңазалайбыз"

 

Кечээ, 23-декабрда 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий тааныштыруу салтанатында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, мамлекет учурда кыргыз элине таандык бул брендди дүйнөгө таанытуу аракетин кызуу көрүүдө. Бул иш-чарага мамлекетке салым кошо турган жеке ишкерлер да чакырылган. "Көчмөндөр оюндарынын негизги концепциясы - мамлекетибизди дүйнө жүзүнө таанытуу, туризм тармагын көтөрүү. Биздин министрлик бул оюндарда 3 маанилүү кызмат аткарат. Биринчиден, элибиздин маданиятын, ата-бабабыздын басып өткөн жолун, салт-санааларын көрсөтөбүз. Экинчиден, мунун баарын массалык маалымат каражаттары менен кызматташып, ишке ашырабыз. Эң негизгиси, жерибиздин, Ысык-Көлүбүздүн кооздугун жогорку деңгээлде көрсөтүшүбүз керек. Оюндардын буга чейинки уюштурулуусундагы кемчиликтер кечиримдүү болчу. Анда кетирилген кемчиликтерди, жетишпеген нерселерди эске алып, оюндарды бул жолу андан да жогорку деңгээлде уюштурабыз",- деди министр.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда кыргыз өлкөсүнө таандык бир гана ордо түшсө, бул жолу бир катар мамлекеттердин ордолору түшмөкчү. Анда ар улуттун маданияты, үрп-адаттары көрсөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.12.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014 жылы откорулгон иш чарада иштегендер азыркы кунго чейин акчаларын ала албай жургондорун билем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: