super.kg logo
  Саясат  

"Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө 16,1 миллиард сом көлөмүндөгү кошумча сунуштар берилип, өкмөт каражат табууга убада берди" деди Аскарбек Шадиев

 

Буга чейин "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин бардык тармактык комитеттери карап чыгып, өз сунуштарын бергенин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев парламент жыйынында билдирди.

“Экинчи окуунун жүрүшүндө негизинен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө басым жасалды. Болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын өкмөт өкүлдөрү менен бирге талдап чыктык. Эки күнгө созулган узак талкуудан кийин Бюджет жана финансы боюнча комитет республикалык бюджеттин жалпы кирешесин 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасын 146 миллиард 853 миллион сом, бюджет тартыштыгын 22 миллиард 453 миллион сом өлчөмүндө белгилөө чечимине келди. Ал эми ички дүң өнүм көлөмү 501 миллиард 582 миллион сомго жетип, өнүгүү деңгээли 5,2 пайызды түзөт”,- дейт Шадиев.

Баяндамачынын айтымында, тармактык комитеттерден бюджеттин чыгаша бөлүгүнө 16,1 миллиард сом көлөмүндөгү кошумча сунуштар келип түшкөн. “Алардын басымдуу бөлүгүн калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, элет тургундарынын турмушун, жергиликтүү инфратүзүмдөрдү, калктын чабал катмарын социалдык жактан коргоо чараларын каржылоону жакшыртуу маселелери түзөт. Өкмөт аларды чечүү багытында кошумча каржы булактарын издөөгө убада берди”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулоо улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: