Көзү азиздер үчүн китеп чыгарууга өкмөт 2,5 миллион сом бөлөт
Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында өкмөткө көзү азиздерге Брайль тамгасы менен жазылган китептерди чыгарууну 2016-жылдын республикалык бюджетине киргизүүнү сунуштады. Каржы министри бул демилгени ишке ашырууга 2016-жылдын бюджетинен 2,5 миллион сом каралып жатканын кабарлады.
Депутат Айнуру Алтыбаева окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн планшет колдонуу керектигин айтып чыкты. "Ансыз деле окуучулар класстарда телефон колдонуп отурушат. Жаңы мүмкүнчүлүк берип, планшет колдонууну киргизүү керек. Бул окуу процессин жеңилдетип, билим деңгээлин көтөрөт",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

