super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурбаев ишкерликке байланыштуу мыйзамдардын көптүгү ишкерлердин мойнуна чоң жүк болуп жаткандыктан, мыйзамдарды иргеп чыгууну сунуштады

 

Ишкерликке байланыштуу 3400 чамасында мыйзам, токтом, инструкциялар бар экенин Жогорку Кеңеште айткан депутат Абдывахап Нурбаев булардын баары ишкерлердин мойнуна чоң жүк болуп келе жаткандыктан, мыйзамдарды иргеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, булардын бир катары коррупцияга жол ачууда. "Мыйзамдар мамлекетке, ишкерлерге, жарандарга зыян тийгизбегендей болуш керек, андыктан аларды кескин түрдө азайтуу керек",- деди ал.

Өкмөт башчы Темир Сариев быйыл чоң долбоор башталганын, бизнеске тиешелүү бардык мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар ревизияланып жатканын билдирди. “Ревизия кылганда тиешелүү мекемелер, мамлекеттик органдар ошол мыйзамдардын керектигин далилдеп бере албаса, алар гильотина принциби менен жокко чыгарылат”,- деди Сариев. Өкмөт башчы зарыл делген мыйзамдарга бүгүнкү талаптарга ылайык келгендей түзөтүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө эксперттик топ иштеп жатканын айтты. "Алардын баарын парламентке пакет-пакети менен киргизебиз",- деп айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: