super.kg logo
  Саясат  

"Педофилдер менен террористтерге өлүм жазасын киргизүүнү колдойм" деди Алмазбек Атамбаев

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда "педофилдерге жана террористтерге өлүм жазасын колдонууга каршы эмесмин" деп билдирди. Мамлекет башчы аларды катуу жазалоо зарылдыгын белгилеп: "Педофилдерди химиялык кастрациялоону сунушташат. Эмне үчүн механикалык кастрацияны колдонууга болбойт? Айрымдар "адам укугу" деп кыйкырып чыгышат. Балдардын укугучу?! Менин эркимде болсо, аларды таш бараңга алып, өлүм жазасын киргизмекмин. Бирок Конституция жана эл аралык милдеттенмелер буга жол бербейт.
Жарандардын бири өз баласын зордуктап салган окуя катталды. Ошол айыл эгер өзүн сыйласа, чогулуп жанагы адамды таш бараңга алышы керек. Эмне үчүн андай айылдар тууралуу жазбайбыз? Албетте, бул чоң көйгөй. Варвардык ыкмага үндөгөнүм үчүн кечирим сурайм. Гуманизм-суманизм дегендерди токтотуш керек, баланын укугу баарынан өйдө. Балдарды зордуктагандар адам эмес!"-
деп билдирди.






Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: