super.kg logo
  Саясат  

Жыргалбек Саматов кайрадан мандат алышы мүмкүн

 

Жыргалбек Саматов кайрадан депутаттык мандат алышы мүмкүн. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 24-декабрда Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, райондук сот Саматовду "Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарды.

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле.

Саматов декабрдын башында мандат алып, парламентте ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган.

"Жыргалбек Саматов Орусиянын жараны эместигин айтып, Федералдык миграция кызматынан 2015-жылдын 2-ноябрындагы катын көрсөткөн. Каттын жасалма эместиги тууралуу кайрылганыбызда Федералдык миграция кызматы мындай кат алардын базасында жок экенин, андай кат келип түшпөгөнүн билдирген. Демек, Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык",- деп билдиришкен БШКнын мүчөлөрү.

Эми сот чечиминен кийин Саматовго кайра мандат берери же бербеси бүдөмүк.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: