super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: "Иш козголгон кызматкер соттон акталса, ортодо төлөнбөй калган айлыгы берилиши керек"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова 24-декабрда мамлекеттик башкаруудагы ысырапкорчулук тууралуу пикирин билдирди. Депутат кылмыш иши козголгон мамлекеттик кызматкердин айлыгына байланыштуу суроого да жооп узатты.

"Эгерде укук коргоо тармагындагы кызматкер жоопко тартыла баштаса, ошол учурдан тартып анын айлык маянасын төлөө токтотулат. Кийин соттон акталып чыкса, ошол убакыттан баштап эмгек акысын эсептөө жүргүзүлөт" деп жазылып калган учурлар бар. Муну такташ керек. Ошол айыпталып жаткан адам кайсы тармакта иштебесин, анын маянасын төлөп берүүдө негизинен бирдей принцип колдонулушу зарыл.

Атайын иш козголуп, жумушунан четтеп калган убакыттан тартып ал кызматкерге айлык төлөнбөй жаткан болсо, кийин акталып чыкса, анда анын актыгын далилдеген документтер аркылуу ошол кызматкердин маянасы ортодогу убакыттарда жөн эле күйүп кетпестен, толугу менен төлөнүп берилиши керек",- деп билдирди Салянова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: