super.kg logo

LG компаниясы Кыргыз Республикасынын рыногуна LG V10 смартфонун сатыкка чыгарды

 

LG Electronics компаниясы Кыргыз Республикасынын рыногунда LG V10 смартфонунун сатыкка чыкканын жарыялайт. Бекем материалдардан мыкты стилде жасалып, көптөгөн мультимедиялык функцияларга ээ LG V10 смартфону буга чейинки смартфондорго болгон көз карашты өзгөртөт.

Жаңы аппарат эки фронталдуу камерасы, видео тартуудагы кол менен түзүмдөөчү режими жана мультимедиялык контенттерди, мунун ичинде социалдык түйүндөрдү көрүүнү максималдуу түрдө жөнөкөйлөштүрүүчү көптөгөн функциялары менен өзгөчөлөнөт. Эки SIM-картага ылайыкталган.

Смартфондо 5 мегапикселдүү эки фронталдуу камера да бар, мунун бири 120 градустагы кенен линза менен жабдылган. Стандарттуу камера сүрөттү кеспестен ири планда мыкты селфи жасоого мүмкүндүк берет. Экинчи камера топтолгон адамдарды же масштабдуу панораманы тартууда бир дагы маанилүү деталды өткөрүп жибербөөгө жардамдашат. Ушундай уникалдуу өзгөчөлүктүн жардамы менен сүрөттөр сапатын жоготпой мыкты тартылат.

V10 - бул видео тартуусу кол менен түзүмдөлүүчү жана видеону оңдоп-түзөө үчүн жаңы опцияларды камтыган LG`нин биринчи смартфону. "Видео тартууну кол менен түзүмдөө" видео тартылып жаткан учурда жарыкты жөнгө салууга, балансты жана фокусту кармоого мүмкүндүк берет. Видеону 3 форматта: HD, FHD, UND тартууга болот.

LG V10 үч микрофонду колдонуу мүмкүнчүлүгү бар абдан сезгич үн жаздыруу системине ээ. Шамалдын үнүнө каршы атайын фильтр үндү тунук жаздырууга жана видеодогу үндү керектүү нормада түзүмдөөгө жардамдашат. LG V10 мобилдүү аппаратка биринчи жолу колдонулган ESS Technology компаниясынын Hi-Fi cанарип-аналогдук системи (32 битт) аркылуу музыканы жогорку сапатта угарманга тартуулайт. Жаңы смартфондон сиз музыканы flac жана wav форматында да уга аласыз. Музыканы онлайн угуп жатсаңыз да атайын технологиянын жардамында ар бир музыкалык аспаптын үнү так жана тунук угулат.

Манжалар менен кулпулоо функциясына ылайык смартфондогу маалыматтар максималдуу түрдө корголот. Ал эми ылдам кубаттоо опциясынын жардамы менен аккумулятор 28 мүнөттө 50 пайызга кубаттанат. Толук кубаттоого 85 мүнөт керектелет.

Негизги мүнөздөмөсү:

Чипсет: 6 ядролуу процессор 1,5 ГГц QualcommSnapdragon 615

Дисплей: негизги - 5.7 дюймдуу QHD IPS Quantum (дюймда 2560 x 1440 / 513 чекит), экинчиси - 2,09 дюймдуу IPS Quantum (дюймда 160 x 1040 / 513 чекит)

Камера: негизги 16 МП F8 / OIS 2.0 апертурасы менен, фронталдуу 5 МП, 2.0 апертурасы менен.

Аккумулятор: 3000 мАч, чыгарып алуучу

Эс тутум: 1,5Гб/8Гб/microSD

Операциялык систем: Android 5.1.1 Lollipop

Өлчөм: 159.6 x 79.3 x 8.6 мм

Салмак: 192 грамм

Түйүн: LTE-A Cat.4

Түс: кара

Кошулуу мүмкүнчүлүгү: Wi-Fi11 b, g, n / Bluetooth®4.1 / NFC / USB 2.0

Жаңы LG V10 смартфонун «Планета GSM» дүкөнүнөн сатып ала аласыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
25.12.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суммасы канча?
25.12.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аяз ата мага жаны жылга LG телефон берчи)))))))
25.12.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
aku,Менимче акылыбыз жетип эле калды го, аяз ата деген жок экенине. :)
25.12.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Rifle_2, Акылын го жетип калыптыр анан тамаша созго кантип акылын жетпеди
28.12.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, ха ха ха! Жайладын го.
25.12.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суммасын жазып койсонуз админ
25.12.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurik.180212, аягындагы «Планета GSM» деген жазууну бассан.
25.12.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10миндин тегереги го
25.12.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автандил Добулбековду кече теледен кордум томпойгон жигит экен,ажого жакшы маанилуу сурооберди. Супердин ичинде(коомчулукта жаратып жаткан) болуп жаткан б.а ыраазычылык,нааразычылыктарды жеткизип жооп алып турсаныздар жакшы болмок. Ийгилик ишине Автандил!
25.12.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
QHD ips 5.7 дюм экран, 6 ядро снап процессор үчүн 3000мАч батарейка 7-8 саттык гана ырахат тартуулап калат.
Калыңдыгына кубалашып жатып, батарейканы кичине кылып жатышат. 6000 мАч болсо, анда баары алат эле.
5.7 дюм экран, күнүмдүк колдонууга бир аз ыңгайсыз. Менде 5.5 дюм , мага аябай ыңгайсыз болуп жатат. 4.5 дюмга алмашам деген ниетим бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: