super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба ишкерлерин колдоого багытталган мыйзам долбоору жактырылды

 

Бүгүн, 25-декабрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Экономика министринин айтымында, мыйзам долбоору ЕАЭБге кирген шартта өлкөнүн салык системинин атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Долбоор аркылуу сатуудан алынуучу салыкты 2 этап менен жокко чыгаруу каралган. Мында бюджеттик жоготуулар 2,5 миллиард сомду түзөт. “Жогорудагыдай түзөтүүлөрдү азыртадан киргизбесе, ишкерлерге кыйын болуп баратат. Жоготууларды башка булактар менен жабуу аракети көрүлүүдө”,- дейт экономика министри.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн жоготууларга карабастан, ишкерлерге жеңилдик көрсөтүү боюнча сунуштаган долбоорун колдоо керектигин айтып, стимул берүү үчүн КНСтин босогосун 8 миллионго чейин 2 эсе көтөрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун колдоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: