Орусиялык шансон жылдызы Вилли Токарев "Кыргызстан" аттуу ырын жаратты



Орусиялык ырчы, шансон жылдызы Вилли Токарев кыргыз элин куттуктап, белек катары кыргыз өлкөсү тууралуу ыр жаздырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.
"Вилли Токарев Ленинград консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө кыргыз жергесинде бир нече жолу концерт койгон, ошол күндөрдө Ысык-Көлгө да келип кеткен",- деп билдирет элчилик.
Айта кетсек, шансон ырларынын автору, аткаруучу, обончу, аранжировщик Вилли Токарев 1934-жылы 11-ноябрда туулган. 1974-жылы АКШга көчүп кетип, эмигранттар арасында атактуулукка жеткен. 1989-жылы Советтер Союзуна кайтып келип, 70 ийгиликтүү концерт берген. Ырчы АКШда жана Орусияда 24 альбомун чыгарган. Вилли Токаревдин чыгармачылыгы "Песня тракториста", "Я тут в Америке", "В шумном балагане", "Небоскрёбы" аттуу белгилүү ырлары менен толукталган.
Бүгүнкү күндө Москвада жашайт.
Кыстарылган аудио
Вилли Токарев - Кыргызстан
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
13

Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, көчүрүп алсаңыз болот: http://www.super.kg/media/useraudio/158165/