Батир алып берүүнү убадалап, шаар тургунунун 20 миң долларын алып, алдап кеткен жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 29-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 47 жаштагы А.Замира аттуу аял кайрылган. Ал ушул жылдын август айында акча алмаштыруучу жайлардын биринде Улан жана Бактыбай аттуу чала тааныш балдар батир алып берүүнү убадалап, 20 миң долларын алганын айткан. Экөө ошол бойдон качып кеткенин билдирип, аларга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү катары Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну Уланбек кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.