super.kg logo

Айбек Калиев: “Токтогул ГЭСинде экинчи жолу авария орун алып, өлкө боюнча убактылуу электр өчүрүүлөр болду”

 

Кечээ, 28-декабрда саат 06:58де Токтогул ГЭСинде болгон аварияга байланыштуу өлкө боюнча убактылуу электр өчүрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйындын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.

Анда 3-генератор убактылуу иштен чыккан. Кабелдик линияларды текшерүүгө алганда 3-кабелдин бир фазасында май агып калганы байкалган. Мындан улам республика боюнча саат 09:00дөн баштап 235 мегаватт өлчөмүндө чектөө киргизилген. Бүгүн саат 12:00дөн тарта бардык чектөөлөр жоюлду. Учурда авариянын кесепеттери боюнча консультация алуу үчүн Орусиядан жана Кытайдан адистер чакырылып, иштер жүрүп жатат”,- деди Калиев.

Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСиндеги биринчи авария буга чейин 23-декабрда болгон: саат 08:10 чамасында Токтогул суу-электр станциясында трансформатор жарылган. Мындан улам Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин машина залында 3 фазалуу ТТ-400 000/500 трансформаторунун агып кеткен майы күйгөн. Өрт ошол эле күнү саат 14:50 чамасында толугу менен өчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
29.12.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңыжылды өткөзгүчө өчүрбөй тургула.
29.12.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
shailoo2015, Эмнеге тоьлко жаны-жылды откоруп алайын дейсиз, андан кийинчи? же Сирияга кетесизби жаны-жылдан кийин?
29.12.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shailoo2015,
29.12.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында эле Канчалаган милиондогон дооларды кредитке алып,капремонт жасаган жумушунар ушулбу МинЭнерго?Гарантиясы менен аткарылган жумуш болсо тезинен ремонттогон Фирманы таап жоопко тарткыла.40-50 жыл бузулбаган ГЭС агрегаттары ушул кышта бузулса,"Ажобуздун доорунда бузулган" деген легенда калат го.
29.12.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бодоно сойсода касапчы сойсун дейт кыргызда экономистер кантип энергетиканы (физиканы) тушунот. минстерствону жойгондук жакшылык апкелбейт кыргызстанга
29.12.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nabievich, бизде "огуз олбо,араба сынба"болуп калган.Окмотко ГЭСтин кандай абалда иштегендиги емес,канча киреше алып келгендиги маанилуу болуп калгандай сыяктуу.
29.12.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эээй кана кышка даярдыгынар. эмне кылып отурдунар.
30.12.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун да свет очту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: