super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: ГЭСтеги авариянын себеби - жабдуунун эскириши

 

Токтогул ГЭСиндеги авариялар боюнча өкмөт бүгүн, 30-декабрда билдирүү жасады. Авария жабдуулардын эскиришинен келип чыкканы, элди жарыксыз калтырбоо үчүн учурда экинчи агрегат оңдолуп жатканы айтылат маалыматта. "Токтогул ГЭСи иштей баштагандан бери Перьм заводунан чыгарылган жогорку басымда май өткөрүүчү кабелдер кызмат кылып келет. Аталган завод учурда мындай типтеги кабелдерди чыгарбай калган. Нормага ылайык, 25 жыл иштеши керек болгон кабелдер 40 жылдан бери алмаштырыла элек, эскирип бүттү",- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Төрт агрегатта тең кабелдик түйүндөр эскирип бүткөнү айтылат. Биринчиси 1974-жылдын декабрында ишке киргизилген, узундугу 1132 метр, майынын салмагы 55 тонна. Андан бери үч жолу зыянга учураган. Экинчиси 1974-жылдын декабрында ишке киргизилген. Узундугу 1190 метр, майынын салмагы 58 тонна, эки жолу зыянга учураган. Үчүнчүсү 1977-жылдын февралында ишке киргизилген. Узундугу 1122 метр, ичиндеги майдын салмагы 54 тонна, бир жолу зыянга кабылган. Төртүнчүсү 1977-жылдын февралында иштеп баштаган. Узундугу 1152 метр, майынын салмагы 56 тонна, ишке киргизилгенден бери зыянга учурай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: