Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, жаракат алган аял мерт болду
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, 29-декабрда жол кырсыгынан жөө адам каза болду. Окуя саат 21:20 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 47-чакырымында катталган. Анда Мерседес-Бенц-200 унаасын башкарып бара жаткан 29 жаштагы С.А. аттуу жаран жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. 1960-жылы туулган Ч.О. аттуу аял алган жаракатынан кырсык болгон жерден каза тапкан. Автоунаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
-1

жолдо этият болбосо,кырсык каш кабактын ортосунда.Жаткан жери
жаннатта болсун.