super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасы ЕАЭБдин шартына туруштук бере албай жатат" дейт депутат Жапаров

 

Жогорку Кеңештин 31-декабрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров: "Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасы Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына туруштук бере албай жатат",- деп билдирди. Депутат айыл чарбасына олуттуу мамиле жасалбаса, абал мындан да кыйындай турганын белгилеп, алдыдагы жылдарга айыл чарбасын артыкчылыктуу тармак катары тандоону сунуштады.

"2016-2021-жылдарга карата программа иштеп чыгыш керек да, 5 жылдык планга айыл чарба тармагын приоритет катары аныктоо, малдын башын идентификациялоону тездетүү, айыл чарбасынын республикалык бюджетке, электр энергиясына, Социалдык фондго, салык органына болгон карыздарын жоюу, Лизинг компаниясын, Кепилдик фондун түзүү сындуу иш-чаралар камтылмакчы",- дейт Жапаров.

Жыйынтыгында “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун артыкчылыктары жана 2016-2021-жылдары айыл чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору толуктап иштеп чыгуу үчүн комитетке кайтарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: