"Достор" аттуу концертте ырчы Мирбек Иманбековдун 7 жашар кызы 2 ыр аткарып, элдин колдоосуна татыды








Бишкекте ырчы достор Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев жана Султан Садыралиев "Достор" деген аталышта концерт коюп жатышат. Анда ырлар жандуу үн менен аткарылууда.
Концерт маалында Мирбек Иманбеков 7 жаштагы кызы Аруукени элге тааныштырып, анын буга чейин сахнада ырдоо тилегин айтып келгенине токтолду. "Кызымдын суранычын четке какпай, бул концертте анын сахнага чыгуусуна шарт түзөм" деген ырчы кызына микрофонду сунду. Арууке алгач "Атам менен энеме" деген ырды жогорку деңгээлде аткарды. Көрүүчүлөр аны ыры бүткөнчө колдоого алып, сүрөп турушту. Андан кийин жаш талант көпчүлүктүн суранычы менен "Ата-эне" чыгармасын аткарып берди.
Кызы ырдап бүткөндө М.Иманбеков элге "кызым менден жакшы ырдайт" деди. Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев Мирбекке "Эми ошону айтуунун кажети бар беле?" деп айтып, тамашага салды.
Султан, Мирбек жана Акбардын “Достор” аттуу концерти


Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же сунуштар болсо admin@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!