super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 58 пайызын түзүүдө

 

2015-жылдын 11 айында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 миллиард сом бөлүндү. Каржы министрлигинин билдиришинче, бөлүнгөн каражаттын 6 миллиард 877 миллион сому мамлекеттик тышкы карызды, 6 миллиард 211 миллион сому мамлекеттик ички карызды тейлөөгө жумшалды. 2015-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 695 миллион 400 миң долларды түздү. Мунун 3 миллиард 491 миллион 200 миң доллары тышкы, 204 миллион 100 миң доллары ички карыз.

Белгилей кетсек, өлкөнүн карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керектиги айтылып келет. Өкмөттүн билдиришинче, азыркы учурда карыз ИДПнын 58 пайызын түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: