Сокулук районунда тоноочулук фактысына шектелген эки адам кармалды
Сокулук районунда тоноочулук фактысына шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактык милицияга арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз эки адам күч колдонуу менен 50 миң сом акчасын жана унаасынын мамлекеттик номурун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы жана 28 жаштагы эки адам кармалды. Аларга карата "тоноочулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Эскертүү!
1. Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
2. Башка колдонуучуну кемсинтүүдөн алыс болуңуз!