super.kg logo
  Саясат  

15-августка чейин Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоону жыйынтыктоо тапшырмасы берилди

 

Бүгүн, 4-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр аталган оюндарды өткөрүү өлкөбүз үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, ага карата даярдыкты жогорку деңгээлде жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, учурда ипподромду реконструкциялоо планы бүткөрүлүп, тиешелүү иштерди баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

Жаңы долбоорго ылайык, ипподромду 10 миң көрөрманга ылайыкташтыруу, анын алкагында конференц-зал, терраса, 40 кишилик VIP-трибуна жана унаа токтоочу жай куруу каралган. Премьер-министр Темир Сариев ипподромдун курулушун быйылкы жылдын 15-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасын койду. Ошондой эле жыйын жүрүшүндө Бишкек-"Манас" аэропорту, Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду жолунун жана "Тамчы" аэропортун оңдоонун жүрүшү тууралуу маалыматтар угулду. Премьер-министр "Тамчы" аэропортунда жарык берүүчү жабдыктарды орнотууну тезирээк бүткөрүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: