super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө иштеген адистердин медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү кайрадан ыраатташтырылууда

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 4-январда өткөн жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, аталган мыйзам долбоорунда дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген КРнын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуу негиздери каралууда.

Бүгүнкү күндө Экономика министрлигинин Швейцариянын Женева шаарында Дүйнөлүк соода уюмунун (БДСУ) маселелери боюнча өкүлчүлүгү иштейт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, аларга 27,25 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери коюлган. Атап айтканда, иш берүүчү – 17, 25 пайыз. Мунун 2 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга тиешелүү болсо, 10 пайызы кызматкерге караштуу. Жогорудагы БДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүктүн кызматкерлери Женева шаарында камсыздандыруу компаниясы менен медициналык тейлөө тууралуу келишим түзөт. Анын негизинде ай сайын республикалык бюджеттин каражаттарынан бөлүнгөн түзүмдөрдү жүргүзүшөт. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган мыйзам боюнча министрликтин өкүлдөрүн медициналык камсыздандырууга тиешелүү төгүмдөрдү төлөөдөн бошотуу маселеси келип чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: