super.kg logo
  Саясат  

Сауд Арабия Иран менен мамилесин калыбына келтирүү боюнча шарт койду

 

Эгерде Иран башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүнү токтотсо гана Эр-Рияд менен Тегерандын дипломатиялык мамилеси мурунку калыбына келет. Сауд Арабиянын БУУдагы атайын өкүлү Абдалла аль-Муаллим ушундай комментарий бергенин чет элдик маалымат булактары бүгүн, 5-январда жарыялашты. Сауд Арабиянын өкүлү саясий кырдаал Сирия жана Йемендеги конфликттерди жөнгө салуу боюнча саясий диалогго таасир этпей турганын белгилеп, Эр-Рияд Сирия боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын айтты.

Эскерте кетсек, Сауд Арабиясы менен Ирандын дипломатиялык алакасына доо кеткени 3-январда белгилүү болгон. Конфликттин себеби "терроризмге катыштыгы бар" деп айыпталып 47 адамдын катарында исламдагы шиит агымынын аалымы Нимра ан-Нимранын өлүм жазасына тартылышы болду. Мындай аракетти Иран бийлиги кескин сындап, ирандыктар Сауд Арабиянын Тегеранда жайгашкан элчилигине чабуул коюшкан. Көп өтпөй Сауд Арабия Ирандагы элчисин чакыртып алды. Иран менен дипломатиялык мамилесин Бириккен Араб Эмираттары, Судан, Бахрейн дагы бузду.

Бул арада өлкөлөрдүн элдешүүсүнө ортомчулук кылууга даяр экенин Орусия жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: