super.kg logo

Орусияда беш селсаяк белгисиз ичимдикти ичип каза тапты

 

Новосибирск шаарына караштуу Ленин районундагы жылуулук кетүүчү түтүктүн жанынан 2 эркек жана 3 аялдын жансыз денелери табылды. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдар күрөң түстөгү ичимдикти ичкен соң каза болушкандыгы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аймактык полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

“Кечээ түнкү саат 02:00 чамасында аймактык нөөмөт кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда Ленин районундагы жылуулук кетүүчү түтүктүн жанынан эч кандай кыйноо белгилери жок каза болгон селсаяктардын жансыз денелери табылгандыгы айтылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул топ менен дагы бир киши жана аял бирге болгондугу аныкталган. Бул ичимдикти ичкен эркек киши ууланып ооруканага түшүп, ал эми аял аны ичпегендиги белгилүү болгон. Учурда алар суракка алынып, аталган ичимдик куюлган желим идиш таштандылардын арасынан табылып, тергөө амалдары улантылууда”,- деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкан селсаяктар ичимдикти таштанды таштоочу жайдан таап алышкан. Кийин баары чогулуп бир жерден ичишкен. Учурда ал ичимдиктин калдыктары тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, ал эми каза тапкандардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизага жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.01.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Селсаятар эмес соо адам кочодо калып кетсе тонуп оло турган суук болуп жатат.
05.01.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88,туура
05.01.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болушуптур суукту эстеп алып бул селсаяктарга боорум ооруду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: