Жайыл районунда "чала таанышын сабап салган" деген шек менен 44 жаштагы жаран кармалды

Жайыл районунда "денеге атайылап залал келтирген" деген шек менен 44 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Калдык айылынын тургуну кайрылган. Анда ал анын 44 жаштагы уулун чала таанышы катуу ур-токмокко алып, ал ооруканага түшкөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Т.К. кармалып, ага карата "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.