super.kg logo

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчөт

 

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй кең көчөсүндө, Рыскулов, Кулиев, Шымкент, Тойгонбаев, Чайков, Кахов, Ногин, Красная, Матыев, Леваневский, Буурдинская, Варшавская, Фестиваль, Коммунаров, Минск көчөлөрүндө, Кузбасский, Маймакский, Черноморский, Барнаульский, Темировский тар көчөлөрүндө жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка (Ленин, Совет, Фрунзе, Линейная, Восточная, Чехов, Кирпичная, Жаш Гвардия көчөлөрүндө), Киршёлк (Мичурин, Жеңиш, Герцен, Верхняя, Дзержинский, Токтогул көчөлөрүндө) айылдарында, Кант (Жакыпов, Чкалов, Ванахун, Микоян, Октябрь, Щорс, Буслаев, Некрасов, Пушкин, Авиабаза көчөлөрүндө) шаарында кыска мөөнөткө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Сокулук районуна караштуу Новопавловка (Ворошилов, Школьная, Корсаковых, Садовая, Крупская көчөлөрүндө), Шалта айылдарында, Геологдор кыштагында (жаңы конуш), Москва районуна караштуу Винсовхоз, Беш-Терек айылдарында, Кирпичный кыштагында, Тюльпан капчыгайында “Новопокровка”, “БЧК”, “Рассвет”, “Ботбаева” “Төмөн-Суу”, “Керамзитовая”, “Беш-Терек” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВ аба электр чубалгылары оңдолот. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: