super.kg logo
  Саясат  

Акционерлердин дивиденддерди алуу процессинин ачык-айкын болушуна багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

 

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Долбоор коомдор таламдаш бүтүмдөрдү жасашы жөнүндө чечимдерди кабыл алуу учурунда акционердик коомдордун Директорлор кеңешинин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары бул документ жол-жоболорду жеңилдетүү жана акционерлер дивиденддерди алуу процессине айкындыкты киргизүү жана акционердик коомдордо Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жол-жоболорун тартипке салууга багытталган.

Мыйзам долбоорунда дивиденддерди төлөп берүүнүн тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталары белгиленген. Дивиденддерди төлөп берүү күнү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн эрте жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: