super.kg logo

Театр, оюн-зоок мекемелерин өнүктүрүү боюнча талкууда спектаклдердин деңгээлин бир калыпта кармап туруу мүмкүн эместиги айтылды

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2016-жылдын 2-январь күнү театр, оюн-зоок мекемелерин өнүктүрүү максатында кезектеги жыйын өттү. Жыйынга министр Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз, театр, оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери, кино ишмерлери катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан бул жыйында Садык Шер-Нияздын жаңы коюлган спектаклдерге категория берүү сунушу катышуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты. Айрымдар “биз жаңы коюлган спектаклдерге I, II, III даража деп баа берүү менен сапатын көтөрө алабыз” деген пикир айтышса, кээ бирөөлөр “спектаклдерди бир калыпта кармап туруу мүмкүн эмес, актёрлор же режиссёр алмашса, ал спектаклдин деңгээли түшүп же көтөрүлүп кетүүсү толук мүмкүн” деген ойлорун билдиришти.

Спектаклдерге даража берүү боюнча атайын жобо иштелүүдө. Ошондой эле ушул жылдан тарта ар бир театрда театр жумалыгын өткөрүү чечими кабыл алынды. Театр сынчыларынын ишин күчөтүү максатында каражат бөлүү маселеси каралды жана ар бир көрсөтүлгөн оюн-зоок, спектаклдерге сынчылар үчүн бештен орун бөлүнөт. Театр тармагында Көркөм кеңеш түзүлүп, алардын ишин күчөтүү демилгеси колго алынды. Көркөм кеңеш менен биргеликте театр же оюн-зоок мекемелеринин мүлкү толук тизмеге алынат, штаттык түзүм боюнча мониторинг жүргүзүлөт жана кызматкерлер арасында аттестация өткөрүлөт. Эске салсак, театрларда аттестация акыркы 20 жыл аралыгында өткөн эмес.

Кошумчалай кетсек, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.01.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттестация негизи созсуз болуш керек да,бизде кочодон келип ойногондой эле актёр,актрисалар,тартылган кинолорун корсон кулкун келет,жакшы болуп тур отушсун баары ошондо тандалат,а то ырчысы Ким,актеру Ким белгисиз
13.01.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо саламатсыздарбы Эл артисти Чоро Думанаевге мамлекет тарабынан үй берилгенби же бериле элекпи ошол нерсени тактап берип коесуздарбы абдан жакшы болот эле!Рахмат
13.01.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esimdesin, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: