Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга "депутаттын фонду" деген түшүнүк кирди
"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда кол койду.
Кабыл алынган документ менен "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамга "депутаттын фонду" деген түшүнүк киргизилүүдө. Фонд депутаттын ишмердүүлүгүн каржылоо үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен түзүлөт. Экинчи мыйзамга киргизилген өзгөртүү боюнча парламент депутатынын фондунун каржылык отчётунун түзүлүшү жана бухгалтердик эсепти киргизүү талабы Жогорку Кеңештин токтому менен аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

