super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде күнөскана чарбасын өнүктүрүү үчүн эки мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жатат

 

Жогорку Кеңеште 6-январда айыл чарба багытындагы жерлерди башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, акыркы жылдары заманбап, үнөмдүү технологиялар пайдаланыла баштады.

“Ыңгайсыз, пайдаланылбаган кайрак, таштак, алыскы жерлерде тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, жайыт жерлеринде күнөсканаларды куруу аракеттери жасалууда. Ал үчүн керектүү инфраструктураны түзүү талап кылынат. Бирок, мыйзамга ылайык, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт”,- дейт Керималиев.

Бул мыйзам менен күнөскана чарбасын жана тамчылатып сугаруу системин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылууда. Жер кодексине жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү сунушталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: