super.kg logo

"People's Choice Award" сыйлыгын "Форсаж 7" тасмасы, Жонни Депп жана Сандра Буллок утуп алды

 
"Сүйкүмдүү киноактриса" - Сандра Баллок
"Сүйкүмдүү драма киноактёру" - Жонни Депп
"Сүйкүмдүү актёр" - Чаннинг Татум
"Сүйүктүү тасма" жана "сүйүктүү боевик" - "Форсаж 7" тасмасы
"Комедия жанрындагы сүйкүмдүү актриса" - Мелисса МакКарти
"Сүйкүмдүү драма актриса" - Дакота Жонсон
"Сүйкүмдүү ырчы" жана "сүйкүмдүү поп-аткаруучу" - Тейлор Свифт

Кечээ Лос-Анжелесте кино, музыка жана телевидение тармагы боюнча белгилүү болгон "People's Choice Award" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аталган сыйлыктын расмий сайты жарыялады.

Жеңүүчүлөрдү интернеттеги сурамжылоонун жыйынтыгы менен аныкташты. Сандра Буллок "Сүйкүмдүү киноактриса", Жонни Депп "Сүйкүмдүү драма киноактёру" деп табылышты. Жонни Депп бул сыйлыкка биринчи жолу ээ болуп жатпаганын кошумчалай кетели. Ал эми сурамжылоого катышкандар "Сүйкүмдүү актёр" деп Чаннинг Татумду тандашкан.

"Форсаж 7" тасмасы "Сүйүктүү тасма" жана "Сүйүктүү боевик" сыйлыктарына ээ болду.

"Комедия жанрындагы сүйкүмдүү актриса" сыйлыгы Мелисса МакКартиге, "Сүйкүмдүү драма актриса" сыйлыгы Дакота Жонсонго буюрду.

Тейлор Свифт "Сүйкүмдүү ырчы" жана "Сүйкүмдүү поп-аткаруучу" сыйлыктарын утуп алды.

Кечени актриса Жейн Линч алып барды. "Форсаждын" жылдызы Вин Дизель сыйлыкты алып жатып 2013-жылы автоунаа кырсыгынан каза болгон Пол Уокерди эскерди.

Чет элдик басылмалардын биринде Жейн Линч аземде жакында болгон сулуулук сынагындагы чуулгандуу окуяны чагылдырган тамаша көрсөткөнүн жазган.

Бул сыйлык 1975-жылдан бери жыл сайын берилип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.01.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shailoo2015 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: