super.kg logo

“Милициясыз эле бүтүрөлү” дешүүдө. Мен андай кыла албайм" дейт сабалды делген балдардын атасы (фото)

 

"Өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делген балдардын атасы SUPER.KG порталына “Милициясы жок эле бүтүрөлү” деп жатышат. Мен андай кыла албайм" деп билдирди. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушуна барып, сабалды делген балдардын ата-энеси Талант Борончиев жана Жазгүл Ыдыева менен жолуктук.

“Сентябрь айынын башында өгөй кайненем эки баламды “багып берем” деп болбой алып кеткен. “Мейли, барса барып келишсин” деп жибергем. Октябрь айынын ортосунда барып келгем, анда жакшы эле карап жаткандай болгон. Бирок мындай ишке барат деп эч ойлобоптурмун”,- дейт балдардын апасы Жазгүл Ыдыева.

Ал эми сөз болуп жаткан эки бир туугандын бири, 6 жаштагы Диана (аты өзгөртүлдү) буларды айтып берди: “Чоң энем тазикке ысык суу коюп, ага бөбөгүмдү отургузду. Ал чыдабай туруп кетти. Мен ага болушайын десем, менин колумду мешке такады. Анан "болушсаң ушундай болот" деп үйдөн кууп чыкты. Түнү бою көчөдө жалгыз жүрдүм. Күн чыкканда үйгө алып келип, иним экөөбүздү сабады”.

"Кызым айтпаса, биз ал жөнүндө билбей калмак экенбиз. Мага телефон чалып “милициясы жок эле бүтүрөлү” деп жатышат. Мен андай кыла албайм. Колу менен кылганын моюну менен тартышсын",- дейт аталган балдардын атасы Талант Борончиев.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, бул окуя боюнча тиешелүү материалдар Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал эми окуя тууралуу экинчи тараптын оюн угуу үчүн байланышууга аракет кылдык, бирок сүйлөшө алган жокпуз. Эгерде экинчи тарап өз оюн билдиребиз дешсе, угууга даярбыз.

Айта кетсек, 5-январдан 6-январга караган түнү “Тез жардам” кызматы аркылуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунан "өгөй чоң энеси тарабынан сабалды" делип 3 жаштагы бала жана анын 6 жаштагы эжеси Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасына алынып келинген. Аталган оорукананын дарыгерлери балдардын денесинен көк ала тактарды жана алар буга чейин да сабалгандыгынын белгилерин көрүшкөн. Оорукана башчысынын орун басары Данияр Шайбековдун айтымында, балдардын абалы анча оор болбогондуктан, аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн.






Чоң эне небересин заңдаганы үчүн уруп, дагарадагы ысык сууга отургузган

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(42)
07.01.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда мыкаачылар кобойду го
07.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мой ну мн тартсын жазаасын
07.01.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай мыкаачы аял ,ушунча абалга чейин сабаган!!Кылган ишин мойну менен тартсын!
07.01.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии байкуштар (((((
07.01.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаа "АЛЛАХ" шыпаасын берип эртерээк сакайып кетишсин,тигил желмогуз оз жазасын жез кемпир
07.01.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир тараптуу айыптаганды койгулачы, кантип эле огой энеси баланарды мен багып берем деп суранып алып кетсин? Булар огой энесине жаман мамиле жасашкан болушу мумкун аны адам катары корбой, ал кемпир ушул жол менен оч алам деп чечкен менимче. Албетте ал кеипирдин кылган иши туура эмес. Бирок бул экоонунда айыбы бар балдарын оздору карабайбы наары иштеген иши уй жайы бар экен карыган адамга бактырбай!!
07.01.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазасын алыш керек , Ким кылса да жаш балдарга зомбулук корсотууну токтотоолу кыргыз этим,
07.01.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге мынча мыкаачысынар....тан калам!!!!!!!!
SUPER.KG видео
07.01.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ата эне озунор куноолусунор,балдарынарды бергенден кийин тез тез кабар албайсынарбы?куйуптур ал жара айыкканга чейин коп убакыт керек болот.каантип конулунор тынч отурдунар тушунбойм.сагынбады бекен апасы?
07.01.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ит экен
07.01.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун баласын Ушинтип сабаганга кантип колу барды.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: