super.kg logo

Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

 

Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-январда судьялардын ант берүү аземин салтанаттуу түрдө Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева ачты. Ал жаңы шайланган судьяларды судьялык кызматка киришип жаткандары менен өзүнүн жана Жогорку Соттун атынан чын жүрөктөн куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жаңы шайланган судьялар:

Мирад Динеев жана Жылдыз Кемелова Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Кангелди Ибраимкулов, Марат Канулькулов жана Майрам Оморова Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты.

Жаңы шайланган Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 4-январында "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: