super.kg logo
  Саясат  

Мандаттан ажыратылган депутаттардын маселеси парламентте түштөн кийин талкууланып, ызы-чуу чыгары күтүлүүдө

 

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому талкууланат. Бул талкуу мыйзам долбоорлоруна добуш берүүдөн кийин өтмөкчү. Ага БШКнын мүчөлөрү аталган токтом боюнча маалымат беришет. Мындан тышкары иш-чарага мандаттан ажыратылган депутаттардын да катышуусу күтүлүүдө.

Регламентке ылайык, добуш берүү саат 15:00дө өтүп турат.

Эскерте кетсек, эки күн мурун, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган. Аталган депутаттар БШКнын мындай чечимине нааразы болуп, комиссиянын имаратында чуу чыгарышкан.

Бүгүнкү жыйында айрым депутаттар "Бул маселе 3 күндөн бери коомдо катуу талкууланып жатат. Депутаттардын аброюна шек келтиришүүдө. Эки айдан бери иштеп жаткан депутаттарды БШК өз алдынча мандаттан ажыратып жатат. Комиссиянын ичинде мындай чечимге каршылар дагы бар" деп билдиришкен.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечими мыйзам чегинде кабыл алынганын айткан. "Алар тиешелүү кол коюшкан. Колдор жасалма же жасалма эмес экенин экспертиза аныктайт. Ар бир мекеме өз ишин кылсын. Сот укуктук баа берет",- деген Исаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттардын мандаттан ажыратылышы парламентте чечилбегенин билдирген: "Бул маселени миң жолу талкууласак да, чечимди сот чыгарат. Биз чече албайбыз. Баары мыйзам чегинде болуш керек".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: