super.kg logo

Орусиялык ТНТ телеканалынын жылдызы тартылган “Сюрприз” кыргыз комедиясынын жабык көрсөтүүсүнөн фоторепортаж

 

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында «Сюрприз» кинокомедиясынын жабык көрсөтүүсү өттү. Тасманы биринчилерден болуп команданын мүчөлөрү, тасманын демөөрчүлөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү көрө алышты.

Режиссёр Адилет Акматовдун айтымында, тасманы тартуу иштери Ош шаарынан башталып, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында жүргүзүлүп, Караколдо аяктаган. "Тасмада мүнөздөрү карама-каршы келген эки адамдын мамилеси көрсөтүлөт. Бири бай, жеке ишкер, экинчиси кедей, айылдык жигит болот. Тагдырдын буйругу менен алар Оштон Караколго чейин чогуу барышат. Жолдо ар кандай окуяларды башынан кечирип, достошуп, бири-биринен сабак алышат",- деди Акматов.

Комедияда башкы каармандардын бири Жапар аттуу айылдык жигиттин ролун ойногон "тамашоучу" Эмил Эсеналиев тасманын аягында драмалык окуянын бар болгону анын өзгөчөлүгү экенин айтты. "Буга чейинки тасмаларда мен мушташып көргөн эмес элем, бул комедияда драма да ойноп көрдүм. Каарманымдын мүнөзү ошондой эле калган. Баарын түшүнгөн, кыйынчылыктарды, оорчулукту оңой кабыл алган тамашакөй жигиттин образын жаратканга аракет жасадым",- дейт Эсеналиев.

Актёр Азиз Мурадиллаев экинчи башкы каарман Гапардын мүнөзү жөнүндө айтып берди. "Гапар жашоодо кичине көпкөн, карапайым элди үчүнчү сорттогу адамдар катары көргөн, өзүн аябай өйдө койгон адам. Бирок бара-бара анын мүнөзүндө жана аң-сезиминде өзгөрүүлөр болот",- деди актёр.

Орусиялык ТНТ телеканалынын "Универ", "Счастливы вместе", "Дружба народов" жана башка комедиялык сериалдарында тартылган Ашот Кещян "Сюрприз" тасмасында МАИчинин ролун ойногон.

Айта кетсек, "Сюрприз" комедиясы 14-январдан тарта Бишкектеги бардык кинотеатрларда жана Ош шаарындагы "Ак-Буура", "Семетей" кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.






Бай Гапар менен жөнөкөй Жапар "Сюрприз" тасмасында

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
14.01.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкы ролдогу актерлор презентацияга тескеринче кийинип келишкен го...
14.01.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнегедир голливудтун Роберт Дауни менен Зак Галифианакис ойногон "Впритык" деген тасма эске тушту, сценарий ошондой сыяктуу окшойт
18.01.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, Кичинекей кучук кошуп койсо,ошол кино болуп калмак беле)))
14.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Качан коро алабыз ЭЛДЕР.
Медиа-портал
14.01.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo Adilet aka jany kinonuz sonun go biz ka4an korobuz...yigilik dagu ....
Медиа-портал
14.01.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино болгон окшойт кутобуз
SUPER.KG видео
15.01.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манилуу киного окшойт го качан коруу настп кылат экен бизге
Медиа-портал
15.01.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен актер деп билген эки Кыргызстандын лучший актерлору ойногон турбайбы коруш керек экен молодцы
SUPER.KG видео
15.01.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт,кутобуз
SUPER.KG видео
15.01.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйормандар, мен бугун коруп келдим "Манастан". Зынк кинокомедия экен, 2016-жылдын мыкты тасмасы го дейм, буюрса. Эки башкы ролдогуларга тен...Азаматсынар! Азиз байке ушундай тасмаларга кобуроок тартылсаныз, куйормандар созсуз коп болот. Ийгилик силерге, Алга! Тасманы корбосонор болбойт, каткырып кулдургон да жери коп, ыйлаткан жери да жок эмес экен. Сонун, дагы бир жолу сонун! Аййййябай жакты...тим элеби тим эле...ммммуахх тасмага. Рахмат, конулум ток, кайгы-капа жоок. Ах-иийй-айй.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: