"Гарри Поттерде" Северус Снеггдин ролун аткарган Алан Рикман каза болду
Британдык актёр Алан Рикман 69 жашында рак оорусунан Лондондо каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Актёрдун каза болгонун анын үй-бүлөсү бүгүн, 14-январда тастыктады.
Алан Рикман 50дөн ашык тасмага тартылган. Эң атактуу ролу "Гарри Поттер" тууралуу тасмаларындагы Северус Снеггдин ролу болгон. Көптөгөн сынчылар анын бул ролундагы ийгилигин үнүнүн өзгөчө тембрине байланыштырышкан. Улуу Британияда ал театр актёру жана Падышалык Шекспир компаниясынын мүчөсү катары таанылган. "Распутин" сериалындагы башкы ролу үчүн Рикман "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Жаткан жери жайлуу болсун