Президент армия жетекчилиги менен өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн талкуулады
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-январда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаровду кабыл алды. Өлкө башчысына Куралдуу күчтөрдү реформалоо жана аскердик түзүмдөрдү бекемдөөдө көрүлүп жаткан чараларды айтып беришти. Бирдиктүү борбор - Башкы штабдын башкаруусунун алдында өлкөнү коргоону камсыздоодо мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуу системин өркүндөтүү аракеттери тууралуу маалымат берилди.
Өлкөнүн аскердик потенциалын бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана терроризмге каршы күрөшүү чараларын күчөтүү жолдору талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

