super.kg logo
  Саясат  

Атайын долбоордун негизинде дыйкандарга жашылча-жемиштердин үрөнү берилмекчи

 

Гранттык долбоордун негизинде дыйкандарга эгин жана жашылча-жемиштердин үрөндөрү берилмекчи. Тийиштүү долбоор 15-январда парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында талкууланып, чечим кабыл алынды.

Маалыматка таянсак, япониялык фонд тарабынан каржыланып, 2018-жылга чейин белгиленген долбоордун суммасы 2 миллион 800 миң доллар. Максаты - айыл жергесиндеги калктын аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү, жакырчылыктан чыгуу. Долбоордун алкагында дыйкандарга эгиндердин жана жашылча-жемиштердин үрөндөрү сатылып берилип, кайра акчалай же үрөн түрүндө кайтарылып, кийинки жылы кайра башка дыйкандарга берилип, уланмакчы.

Депутаттар долбоордун алкагында айдап-себүү маалыматын камтып чыгарылган китепчелер дыйкандарга жеткиликтүү тилде болушу керектигин, долбоордун аткаруучулары жергиликтүү үрөн чарбалары менен кызматташуусу зарылдыгы айтылды. “70-80 центнер түшүм алынат деп берилген эгин үрөндөрүнөн иш жүзүндө андай түшүм алынбай калса, кимдир бирөө жооп бериши керек”,- дейт депутат Мирлан Бакиров.

Жыйынтыгында дыйкандардын өтүнүчү менен өндүрүлгөн өнүмдөрдү сатууга көмөктөшүү, долбоорду кеңири жайылтуу боюнча өкмөткө тапшырма берүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: