2015-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүүнүн суммасы 4,9 миллиард долларды түздү
2015-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн суммасы 4 миллиард 986 миллион 200 миң долларды түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,7 пайызга аз. Экспорт 1 миллиард 304 миллион 400 миң долларды (10,7 пайызга азайган), импорт 3 миллиард 681 миллион 800 миң долларды (27,4 пайызга азайган) түздү.
"Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,2 пайызга азаюу менен 2 миллиард 377 миллион 400 миң долларды түздү",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

