super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөдө "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы 28 долларга түштү

 
"Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы төмөндөөнү улантууда. 18-январда лондондук ICE биржасында (Бишкек убактысы боюнча саат 15:10до) аталган үлгүдөгү мунайдын баррели 28,53 долларга чейин түшкөнү чет элдик маалымат булактары аркылуу жарыяланды. Мунайдын дүйнөлүк баасынын түшүшү Ирандын санкцияларынын алынышына байланыштуу болду. 16-январь күнү кечинде Евросоюз менен АКШнын өзөктүк курал боюнча Иранга киргизген санкциялары алынганы жарыяланган. Мындан кийин Ирандын мунай экспорттоосу жанданды.
Мунайдын баасынын арзандашы кыргыз мамлекетинде күйүүчү майдын баасына олуттуу таасир эткен жок. Былтыр ушул маалда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 41 сом болсо, учурда 35 сомдон сатылууда. Ал эми жыл ичинде мунайдын дүйнөлүк баасы 18,19 долларга чейин түштү.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 13-январында лондондук ICE биржасында аталган үлгүдөгү мунайдын баррели 46,72 долларды түзгөн. Ал эми 2014-жылдын 15-декабрында 63 доллар болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: