super.kg logo

"Ак шоола" балдар хорунун 30 жылдык концертинде ата-энелер көзүнө жаш алышса, жаш балдар сахнадан кетпей элди жылмайтышты (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 18-январда Бишкекте "Ак шоола" үлгүлүү балдар хорунун 30 жылдык мааракесине арналган концерт болуп өттү. Совет бийлигинин кулаганына күбө болуп, эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхы менен катар өз тарыхын жазып келаткан хордун концертинде 200дөн ашуун жаш талант өнөрлөрүн элге тартуулады. Улуттук филармониянын залына толо келген элди бала күлкүсү жаңырып, шаңга толгон зал жипсиз байлагандай болду, себеби концерттин акырына чейин сыртка шашкандар болгон жок.

Алгач бул хорду түзүлгөндөн тарта билген аттуу-баштуу инсандардын аталган топ тууралуу айткан видеолору элге көрсөтүлдү. Алар бул тарых экенин, 30 жылдык эмгек менен кыргыз маданиятына чоң салым кошконун айтышты. Өзгөчө кыргыз тилинде балдарга ылайыкташкан ырлар, көргөзмөлөр кезинде табылбаганын, бактыга жараша, "Ак шоола" ушул жүктү моюнга алганын баса белгилешти.

Андан соң КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов сахнага чакырылып, сөз сүйлөдү. Министр бул хордун өкмөткө жүгүн артпай, өз алдынча иштеп келатканын, эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө 30 жылда зор салым кошконун айтты. Андан соң концерттик программага кезек берилди.

Жаш таланттар чыгармаларды өзгөчө берилүү менен, жогорку чеберчилик менен аткарышты. Ал эми көрүүчүлөр сахнага чыккан балдарды дүркүрөгөн кол чабуулар менен көшөгө артына узатып жатышты. Хордун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлмира Эсенгулова концертке даярдык өткөн жылдын август айында башталганын айтты. Сахнага балдарды Анарбек Ибраев, Динара Акулова, Асел Турдалиева, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Чолпонай, Гүлжигит Калыков сыяктуу ырчылар коштоп чыгып, чогуу чыгарма аткарышты. Актёр, "тамашоучу" Самат Эркинбеков жаш балдар менен бирге элге күлкү тартуулады.

Балдарды сахнадан алып кетүү чоңдорго түйшүк, көрүп отурган элге күлкү жаратты, анткени ырдап бүткөндө алар кол булгалап, эл менен көпкө "коштошуп", эжекелерине көңүл бурбай калып жатышты.

Сахнанын алдындагы көрүнүш дал ушундай. Ал эми сахна артында түйшүк кадимкидей байкалды. Албетте, 4 жаштагы балдардан тартып 20 жашка чейинки курактагы жигит-кыздарды көзөмөлдөө оңойго турбайт. Кезек келгенге чейин эң кенже таланттарды кийим которуучу жайларга киргизип коюшкан. Залга качкан, бири кыйкырса хор менен баары кыйкырган кичинекей тентектер чоңдорду бир топ түйшүккө салышты. Эң негизгиси, балдар менен иштешүү түйшүктүү болгону менен, ырахаттуу экенин белгиледи Гүлмира Эсенгулова. "Бүгүн бизде тарбияланган жаш таланттардын ата-энелери көзүнө жаш алышты",- деп кошумчалады ал.

Ары түйшүктүү, ары ырахаттуу жумуш менен алышып, көп ийгилик кырын ашып, 30 жылды артта калтырган хордун концерти 3 саатка созулду. Жыйынтыктоочу хорду бүтүрүүчүлөр, топтун кызматкерлери, жаш таланттар биргеликте аткарышты.






"Ак шооланын" бөбөктөрү эстрада ырчылары менен бир сахнада ырдашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(21)
18.01.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamattar sonun boluptur maga jakty
19.01.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болгон го. Гена м.н чебурашка жакты.
19.01.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун Ак-Шоола!Коргондон тажабайсын.Кобуроок концерт берип турушса сонун болмок эле.
19.01.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдоку эки баланы тынчтандыра албай чарчайсын 200дой баланы башкарыш да чоон туйшук эмеспи.Азаматтар аябай сонун.Келечектери кен мыкты уул, кыздардан болушсун!
19.01.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак шоолага балдарды кантип берсек болот экен
19.01.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте болгондо берет элем.Видео сун кутобуз.
19.01.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак шооланын балдар кыздары, жетекчиси Гулмира Эсенгулова абдан жагат. Укмуш сонун ырдашат.Уккан сайын уккун келет. Кулуп жайнап коросун алардын аткаруусундагы ырларды.
Медиа-портал
19.01.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шириндерим бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
20.01.2016. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий соонун концерт болуптур.Толугу менен качан корууго болот?
SUPER.KG видео
20.01.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык бактылуу болуп жылмайып кордум,келечегинер кен болсун☺
SUPER.KG видео
20.01.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира Эсенгуловага чексиз алкыштар.Аман болунуз
SUPER.KG видео
20.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы "Мээрим"деген ырынын текстин,мр3син медиа порталдан тапсам болобу? Кантип?
Медиа-портал
20.01.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун концерт болду,мага да жакты.
Медиа-портал
20.01.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бултушкалар иий!!!! Абдан жакты!
Медиа-портал
21.01.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии журогум элжиреп эзилип отуруп жыргап коруп жатсам бутуп калды муси пуси бобокторум менин
Медиа-портал
21.01.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо,"айкай экен койногун"деген ырды кантип тапсак болот
Медиа-портал
21.01.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун концерт болуптур,эгерде финансы жактан кенен болгондо ушул балдарга демоорчу болмокмун.мамлекет эмнеге корбойт ушундай топторду ай окунучтуу.бобоктор ырдап жатса толкунданып ыйлап да алдым.
Медиа-портал
25.01.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун! Алга бобоктор. Мага да абдан жагат
SUPER.KG видео
24.02.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак шооланын дагы ырларын жуктонуздочу сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: