super.kg logo
  Саясат  

Саакашвили Донбасстагы украин аскерлеринин жайгашуусун видеого тартып интернетке жүктөгөнү үчүн айыпталууда

 

Одесса облустук администрациясынын башчысы Михаил Саакашвили Донбасстагы украин аскерлери боюнча жашыруун маалыматты интернетке жүктөгөнү үчүн айыпталууда. Украиналык ММКлар 19-январда жарыялагандай, Саакашвили аймакта "Шторм" батальонунун аскерлери менен жолугушуп, андагы украиналык блокпосттордун позициясын, ал тургай картасын видеого тартып интернетке жүктөгөн.

"Бул маалыматты сепаратисттик маалымат булактары активдүү жайылтууга киришти. Саакашвилинин видеосунда баары: жергиликтүүлөр менен алака, байкоочулук кылган жашыруун пост, ал тургай командирдин түшүндүрмөсү менен коштолгон менен оперативдүү карта бар. Аскерлердин жүзү көрүнүп жүрөт",- деп айтылат маалыматта.

Аскер кызматкерлери Саакашвилинин мындай аракетине нааразы. "Биз кайтарып жаткан бардык блокпостторду, биздин жоокерлердин жүздөрүн видеого тартуу жана интернетке жүктөө - бул жогорку деңгээлдеги "профессионалдуулук". Мындан кийин биздин балдар интернеттен сепаратисттердин коркутууларын окуганга үлгүрүштү",- деди жүзүнө чүмбөт кийген аскерлердин бири.

Украина армиясынын Башкы штабы Саакашвилинин аракетине комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: