Бишкек-Торугарт жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды
Чүй облусунун аймагында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу 19-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 18-январда саат 21:30 чамасында болгон. Анда 20 жаштагы бала Тойота Прадо унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада каршы тилкеде келе жаткан Ф-Жетта унаасы менен кагылышып кеткен. Экинчи унааны анын артында келе жаткан Сузуки Витара сүзүп, кырсыктан эки адам жаракат алды. Алар аймактык ооруканага жеткирилишти. Унаалар айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.