Бишкекте жашыл аймактарды көбөйтүү, өнөр жай үчүн атайын жер бөлүү сунушталды
Бишкекте 18-январда борбор шаарды өнүктүрүү жана шаар куруу маселеси боюнча жыйын өттү. Жыйында премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын башкы планы заманбап шарттарга жооп бериши керектигин, жашыл зоналарды көбөйтүү, өнөр жай ишканалары үчүн атайын аймактарды бөлүү зарылдыгын белгиледи.
Борбор шаардагы инженердик түйүндөрдү өнүктүрүү жана шаар чек араларын аныктоо боюнча атайын жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилди. "Жыйын жүрүшүндө Кыргыз илим изилдөө-долбоорлоо институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун үстүбүздөгү жылдын май айына чейин бүтүрүү пландалып жатканын айтышты",- деп билдиришти өкмөттүк аппараттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

