super.kg logo

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Оштон Сирияга кимдер кетип жатканын жана алардын өкүнүчтөрү тууралуу айтып берди

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында экстремизмдин алдын алуу жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Кара-Суу райондук милициясынын өкүлү, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана жергиликтүү активисттер катышышты. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков сөз сүйлөп, Сирияга адашып барып калгандардын өкүнүчтөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Сирияга кетип жаткандардын көпчүлүгү аң-сезими төмөн, динден түшүнүгү жок, жашоодон өз ордун жоготкон сабатсыз жарандар болуп, акча азгырыгына дуушар болуп жаткандыгын билдирди. Бул маселеде коомчулук бири-бирине жардам берип, эл арасында жана мечитте жамааттарга имамдар аркылуу туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду. Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев терс көрүнүштөрдүн алдын алууда исламдын орду боюнча сөз сүйлөп, бул жаатта айыл өкмөттүн бардык имамдарына жергиликтүү бийликке эриш-аркак болуп идеологиялык багытта туура маалыматтарды коомчулукка жеткирүүдө талыкпай эмгектенүүгө чакырды. Жыйынтыгында катышуучулардын суроолоруна жооптор айтылып, бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.01.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура айтыптыр Сириячылардын копчулугу Араван Кара суудан,туугандар кеткендердин кобу
20.01.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saparali96,sen kordunbu imeno karasuudan ketip jatkanyn?
21.01.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kasymov_10,интернетте жазып атпайбы кайсы райондон канча кеткенин,мен Аравандан болом Аравандан Сирияга уй булосу менен кеткендердин саны 230 дан ашык
saparali96 түзөттү 2016-01-21 15:48:53
20.01.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат динге да жалкоо,сабатсыз,ээрчиме,ан сезими томон адамдар берилет!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: