super.kg logo

Чек арачылар мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга даяр экендиктерин көрсөтүштү (фото)

 

19-январда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек арада мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу боюнча көрсөтмө сабактар өткөрүлдү.
Мамлекеттик чек ара аркылуу курал, ок-дары, жардыргыч заттарды, баңгизаттарды алып өтүү учурлары катталганда көзөмөл-өткөрүү жайынын өздүк курамынын жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын жөнгө салган аракеттерин, ошондой эле мындай окуялар боюнча фактыларды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдөгү тартипти калыптандыруу бул өткөрүлгөн сабактардын негизги максаты болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.


Көрсөтмө сабактарга “Достук” унаа жол-өткөрүү жайынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын “Ак-Буура” чек ара тозотунун өздүк курамы катышты. Мындан тышкары бул иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.


Сабактар үч сценарий менен жүрүп, анын жүрүшүндө чукул кырдаалдарда чечим кабыл алуу боюнча өздүк курам жөнгө салынган иш-аракеттерин мыкты көрсөтө алды.
Биринчи сценарий боюнча мамлекеттик чек арадан жарым-жартылай жасалма документ менен мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган жана өткөрүү жайына жардыруучу затты коюуну көздөгөн жарандын аракетине чек арачылар бөгөт коюшту.


Экинчи учурда “Достук” өткөрүү жайынын аскер кызматкерлери кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгып жаткан кыргыз жаранынын жанынан өзгөчө жыты бар затты табышкан.
Сабактын үчүнчү сценарийи боюнча бажы постунун кызматкерлери менен биргелешип унааны текшерүү учурунда чек арачылар курал катылган жашыруун жайды табышкан.


Буга окшош сабактар республиканын башка унаа жол-өткөрүү жайларында да өткөрүлөт. Мындай
иш-чаралар Мамлекеттик чек ара кызматынын жана чек арада өз бөлүмдөрү бар күч түзүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракетти бекемдөөгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин коргоочулар.Чек арабыз тынч болсун.
20.01.2016. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар кыргызымдын
эр журок жигиттери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: