super.kg logo

Бишкек. Сүйлөй албай, сезимдерин сүрөт аркылуу айткан жаш балдардын эмгектери көргөзмөгө коюлду (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 19-январда Бишкекте “Жылмаюуң менен бөлүш” аттуу кайрымдуулук сүрөт көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болду. Салтанаттуу ачылыш аземине министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жана айрым элчиликтердин өкүлдөрү, аутизм дарты менен жабыркаган балдардын ата-энелери жана чакырылган коноктор күбө болушту.

Бул күнү чогулгандарга ыр-бийлер тартууланып, аутизм дарты тууралуу кенен айтылды. Андан соң 4-февралга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин залында улана турган көргөзмөнүн лентасы кесилди. Кайрымдуулук иш-чарасында "Рука в руке" коомдук бирикмесиндеги балдардын сүрөттөрү, "Мария" бий спорт клубунун жаш сүрөтчүлөрүнүн жана "DI" көркөм өнөрканасынын эмгектери сунушталат.

"Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү болуп аутизм дарты бар балдардын эмгектеринин көргөзмөгө жана сатыкка коюлгандыгы саналат. Көргөзмөнүн маанисин бул дарт менен жашап көргөнгө чейин толук түшүнүү кыйын. Бул дартка кабылган балдардын көбү сүйлөй алышпайт, ошол себептүү алар сезимдерин, ойлорун, кыялдарын сүрөт аркылуу көрсөтүшөт",- деп билдиришти уюштуруучулар.

Кошумчалай кетсек, бул сүрөттөрдү сатуудан түшкөн акча каражаттары аутизм дарты бар балдарга жардам берүүдө колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттор жакты, сатса сатып алмакмын бир нечесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: