super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама менен Эрдоган "Ислам мамлекети" тобун жок кылууну макулдашты

 

АКШ президенти Барак Обама менен Түркия президенти Тайип Эрдоган 19-январда телефон аркылуу сүйлөшүп, "Ислам мамлекети" тобун жок кылуу боюнча чараларды макулдашканын чет элдик маалымат каражаттары жазышты. "Эки өлкөнүн лидерлери терроризм менен бирге күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү жана "Ислам мамлекети" тобун жок кылууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Күрдстан жумушчу партиясынын Түркиянын коопсуздугуна тийгизип жаткан таасирин талкуулашты.

Түрк өкмөтү 2015-жылдын жай айларынан бери Түркиянын жана Ирактын түндүк тарабында Күрдстан жумушчу партиясына каршы атайын даярдалган операцияларды бир нече ирет уюштурган. Күрдстан жумушчу партиясы буга жооп катары жардырууларды уюштуруп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: